POST1RIGHT
Ош облусунун Төлөйкөн кичи районундагы 11 үйдүн таштанды төгүүчү жайы убагында тазаланбайт. Бак-дарактарды кыйып аны да албастан таштап кетишкен. Ушул таштанды төгүүчү жайдын жанында эле чуңкурча бар. Бул чуңкурча тургундар үчүн өтө эле кооптуулук жаратат. Себеби ачык эле турат, тегерегинде жаш балдар ойнойт. Кечинде кокус көрбөй калып, чоң адамдар деле түшүп кетиши ыктымал, - дейт видеосу менен бөлүшкөн окурман.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.