POST1RIGHT
Ак-Суу районунун Шахта-Жыргалаң жайлоосунун жолу кейиштүү абалда. Таштак жолдо унааларынын дөңгөлөктөрү улам жарылып убара тарткан малчылар. Жайыт комитетине жакшы эле акча түшүп жатат, ушул жолду түрттүрүп койсо деле болот элего. Дагы бир көйгүү маселебиз, бул сүттүн баасы көтөрүлбөй жатканы. Болгону 10 сомдон өткөрөбүз. Сүт заводдору өзүм билемдикке салып, сүттүн баасын төмөндөтүп келишет,- деген автор билдирүү калтырган.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.