POST1RIGHT
Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Ак-Өлөң айылындагы Эгембердиев көчөсүндө жердин астынан суу чыгып, тургундар бир топ түйүшүк тартышууда. Үйлөрдүн фундаменти сууга чөгүп, шыбактары түшүп, алма өрүктөр чирип жатат. Буга чейин айыл өкмөткө, ӨКМга кайрылганбыз эч жыйынтык чыккан жок. 12 жыл мурун дагы ушундай суу чыгып, ӨКМдан келип түтүктөрдү тазалап кетишкен. Ошол бойдон бир дагы жолу келишкен жок. Бул көчөдө 15ден ашык түтүн суу алдында калуу коркунучунда турабыз. Эми азыр жергиликтүү тургундар өз күчү менен акча чогултуп, трактор жалдап убактылуу суу тартылып турсун деген аракеттерди көрүп жатабыз,- деп ачууланган автор видеосу менен бөлүшкөн.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.