Шамалды-Сай шаарчасы таштандыга көмүлүүдө
Новость

POST1RIGHT

Жалал-Абад облусунун Шамалды-Сай шаарчасынын борбордук көчөсү таштандыдан арылбай келет.  Бул тууралуу автор "Элдик репортерго" видео тартып жөнөткөн. Видеодон көчөдөгү тазаланбай турган таштандыларды көрүүгө болот.

Арыктарга таштандылар толгон. Бул жерде автобекет, унаа токтотуучу жай жок болгондуктан, айдоочулар унааларын жолду тороп токтотуп алышат. Эч ким карабайт бул жерди. Тазалык ишканасы таштандыларды алып кетпейт. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.