POST1RIGHT
Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы "Ысык-Көл" эс алуучу жайындагы өтө кейиштүү абалдагы эскирген имараттарды, сууга жетпей куурап турган бак-дарактарды, антисанитардык абалын көрүп зээни кейиген окурман "Элдик репортерго" видео тартып жөнөткөн.
Бул жерге эс алганы келип, эс албай эле зээним кейиди. Себеби бул жер каралбай калыптыр. Бак-дарактар көбүнчөсү кыйылып кеткен, калгандары соолуп куурап калган. Тазалык сакталган эмес. Союздан калган эс алуучу жай. Мурун кандай эле эми азыркы абалы өтө кейиштүү. Ушундай кереметүү жерибиздин баркын билбейбиз, кор кылбай жакшы карасак болмок.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.