Сел коркунучунда жашаган Катраң айылынын тургундары
Новость

POST1RIGHT

Лейлек районунун Катраң айылындагы Калта-Арык көчөсүндө сел нугун түздөн-түз эле буруп таштап коюшкан. Натыйжада жол астында 50гө жакын күнөөсүз наристелер өлүм коркунучунда калды. Дегеле бул бөбөктөрдүн коопсуз жашоого укугу барбы? Кооптуу таштап койгон ӨКМ кызматы. Лейлек акимчилиги тез арада айыл бир башына дамба куруп жол астына түтүк коюп сел нугун, дарыя нугуна кошуп беришин суранат элек. Бир жумадан бери тынымсыз жааган жамгырдан балдарыбыздын өмүрү үчүн коркуп жатабыз. Кеч болуп калгандан кийин жардамынын кереги барбы? Ошондуктан сел келишин күтүп отурушпай алдын ала аракет кылышса жакшы болот эле,- деген айыл тургуну "Элдик репортерго" билдирүү жөнөткөн. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.