Кош-Дөбө айылынын чечилбей келген көйгөйлүү маселелери
Новость

POST1RIGHT

Аксы районунун Кош-Дөбө айылынында көйгөйлүү маселелер көп. Алардын эң биринчиси эле суу маселеси. 

Суу жок тургундар кыйналып келет. 3 жылдан бери сууга жетпей келебиз. Эгиндерибиз суугарылбай эрте эле куурап калган. Бак-дарактар өспөй калган. Негизи эле биздин айыл такыр каралбай калган. Жол жээгинде чачылган кум-шагылдар, аялдамалар сынып жок болгон. Айыл өкмөтүбүз ушул маселелерди чечип берсе жакшы болот эле, -дейт айыл тургуну.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.