Бишкек: бала бакчада тазалык сакталган эмес
Новость

POST1RIGHT

Октябрь районуна караштуу №107 "Ивушка" мектепке чейинки билим берүү уюмунда тазалык сакталбайт. Киргенде эле жагымсыз жыт жыттанат, себеби акыр-чикирлерди ачык эле турат. Тегереги таштандыга толгон. Бак-дарактар куурап калган. Короосундагы гүлдөр каралбай, суугарылбай соолуп калган. Эмне үчүн тазалашпайт? Оңдоо иштерин эмне үчүн жүргүзүшпөйт? Имараттын ичинде да ремонт иштери жүргөн эмес. Жыл сайын ремонтко деп акча чогултушат, ай сайын да берип турабыз. Бирок түзүрөөк оңдоо иштерин көргөн жокбуз,- деп ачууланган автор "Элдик репортерго" видео тартып жөнөткөн.  


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.