POST1RIGHT
Токмок шаарындагы Октябрь көчөсүндөгү темир жол бекетинин жанында таштандылар такыр тазаланбайт. Мынтип турганына көп жыл болду. Ушул жерге таштанды таштоочу урналарды орнотуп коюшса жакшы болмок. Ар тарабында таштандылар чачылып, андан чыккан жагымсыз жыт көчөнү каптайт. Токмоктун мэриясы карабайт такыр. Ушул жерди көзөмөлдөп, тазалатып койсо,- деген автор билдирүү калтырган.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.