Баласынын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн ала албай келген ата-эне
Новость

POST1RIGHT

Аламүдүн райондук филиалынын төмөнкү Ала-Арча байланыш бөлүмүнөн 1 жылдан бери баласынын туулган тууралуу күбөлүгүн ала албай келген автор "Элдик репортерго" билдирүү калтырган. 

Уулум Кадыркулов Амир 2018.08.18 Аламүдүн районуна караштуу төрөт үйүндө төрөлүп, төмөнкү Ала-Арча байланыш бөлүмүнө күбөлүк алалы деп документтерибиз тапшырганбыз, мына бир жыл болгону калды. Биринчи тапшырганда 20 күндөн кийин келиңиз деп айтышкан, андан кийин  барсак жок келелек деп айтышты, дагы 10 күндөн кийин барсак датасын ката жазып берипсинер дейт. Өздөрү ката жазып алып эле бизге күнөөнү коюп, дагы арыз жаздырып алышты. Андан кийин барсак жок дейт, архивке кетип калыптыр издеш керек деп. Ошентип алар биздин күбөлүктү бир жылдан бери бербей, акырында барсак ал иштеген кызматкер жумушунан бошоп, чет өлкөгө чыгып кетиптир. Ушул бир күбөлүктү ала албай жатабыз. Биздин документти жоготуп салышканбы бербей жатышат. Тийиштүү органдар буларга чара көрүп койсо,- деген автор.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.