POST1RIGHT
Бишкек шаардык милициясы өткөн түнү калаада баш аламандыкка жол берген жок. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Маалым болгондой, 9-августка караган түнү коомдук тартипти бузуп, жолдорду тосуп, мүлктөрдү талкалап, шаардагы коомдук-саясий абалды туруксуздаштырууга аракет жасагандарды аныктоо жана кармоо иштери жүрүп жатат. Учурда шаар толугу менен милициянын көзөмөлүндө.