POST1RIGHT
Москва районунун Төмөн-Суу айылында таза суу маселеси негизги көйгөйлөрдүн бири болуп келет. Эске сала кетсек, "Элдик репортерго" буга чейин да Төмөн-Суу айылынан суу маселеси боюнча билдирүү келген. Жергиликтүү тургундардын кайрылбаган жери калган жок,- дейт айыл тургуну. Ал эми азыркы тапта айласы кеткен эл өз күчтөрү менен, союз учурунан бери каралбай калган кудукту тазалап, жерди казып, таза суу чыгаруу аркеттерин көрүшүүдө.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.