POST1RIGHT
Бишкек шаарындагы Тынчтык конушуна каттаган №9 автобус жүрбөй калды. Бул автобус Новопавловка, Военно-Антоновка айылына чейин каттачу. Ал эми бул жакта жашаган калктын саны абдан көп. Мэрия көзөмөлгө алып, кайра жүрдүрүп берсе жакшы болмок. №9 автобус каттамы бизге абдан ыңгайлуу болчу. Азыр маршруткаларга батпай, тургундар эртең менен жумуштарына кечигип жатышат. Эми окуу жылы башталганда мектеп окуучуларына кыйын эле болот го. Эмне үчүн токтотуп салышты, жакшынакай жүрүп жаткан каттамды? - деген Тынчтык конушунун тургуну "Элдик репортерго" кайрылды.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.