POST1RIGHT
Жаңы окуу жылы 2-сентябрда башталат. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
1-сентябрь - Билим күнү дем алышка туура келгендиктен, 2-сентябрда саат тогузда республиканын бардык мектептеринде салтанаттуу линейка болот жана Билим күнүнө карата сабактар өтүлөт. Ал эми 3-сентябрда ырааттамага ылайык сабактар кадимки тартипте өтүлө баштайт.
2019-2020-окуу жылына карата Базистик окуу план министрдин буйругунун негизинде бекитилген.