POST1RIGHT
Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын Кыдыр-Аке жолу оңдоо иштерине карата жабылган.
Жарым жылдан бери жабылып турат. Айдоочулар тегеренип чаңдуу жолдон өтүп жатышат. Бул жолго каражат бөлүнгөн, бирок жол оңдоо иштери жүрбөй эле токтоп турат. Тургундар, эс алуучулар ушул жол менен каттап жатышат. Унааларыбыз улам бузулуп убара тартып жатабыз. Суу деле сээп коюшпайт. Чаң сапырылып жол көрүнбөй калат. Жергиликтүү бийлик карап койсо жакшы болот эле,- деген айыл тургуну.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.