POST1RIGHT
Бишкек шаарындагы Горький менен 7-апрель көчөсү кесилишкен жердеги "Фрунзе" соода түйүнүнөн бал сатып алган шаар тургуну "Элдик репортерго" видео тартып жөнөткөн. Бул балдын мөөнөтү өтүп кетиптир. Балдын сыртында чапталып турган кагаздын үстүнө кайрадан мөөнөтүн узартып кагазды чаптап коюшкан экен көрсө. Кагазда 2021-жылга чейин жарамдуу деп турат. Ал эми алдындагы кагазда 1-августа эле мөөнөтү бүткөн экен. Буларды ким көзөмөлдөйт?
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.