POST1RIGHT
Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кадыралы айылына бара жаткан жол начар абалда, деп билдирди "Элдик репортерго" видео жөнөткөн автор. Анын айтымында, Аталган жол менен жүрүүдө айдоочуларга кыйынчылыктар жаралууда. Бир жылда бир эле жолу түртүрүп кетишет. Жеңил унааларга эле кыйын болууда. Унааларынын тетиктери улам бузулуп, убара тартышууда. Жолдо чаң сапырылат. Жергиликтүү бийлик ушул жолубузга асфальт төшөп берсе жакшы болмок.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.