POST1RIGHT
Бишкек шаарындагы Бейшеналиева менен Киев көчөсү кесилишкен жерде аялдаманын алдын качан көрбө башаламан. Жеңил унаалар, таксистер алдын тороп токтотуучу жай кылып алышкан. Айдоочулардын өз билемдик кылып мынтип токтотуп алганы, маршруттук унаа күткөндөргө бир топ эле жолтоо болуп жатат.
Бул көрүнүш канча жылдан бери тартипке келбей келет. Бул аялдамабы же маршруткалардын токтотуучу жайбы? Бишкек шаарынын мэри качан бул жакты тартипке алып келет?
Борбор калаадан дал ушундай көрүнүштү бир канча аялдаманын алдынан көрүүгө болот.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.