POST1RIGHT
Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Баетов айыл өкмөтүнүн Кош-Дөбө айылына чейинки жол өтө кейиштүү абалда. Буга чейин бул жолго бир да жолу асфальт төшөлгөн эмес.
Бул жол менен жеңил унаа эмес, оор жүк ташыган унаалар араң айдашат. Бул маселебиз такыр чечилбей койду. Айыл эли кыйналып бүттү. Жергиликтүү бийлик ушул жолубузду көзөмөлгө алып, асфальт төшөп берсе? -деген автор.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.