Бишкектеги көрүстөндөн өрт чыкты
Новость

POST1RIGHT

Кечээ, 14-августа Бишкек шаарынын батыш тарабынан өрт чыкты. Бул тууралуу видео тартып алган шаар тургуну "Элдик репортерго" жөнөткөн. Анын айтымында, Якут көчөсүндө жайгашкан көрүстөндүн аймагындагы кургак чөптөр күйүп, өрт тутанып кеткен. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.