Маршруттук таксилердин ичинде тазалык сакталса...
Новость

POST1RIGHT

Бишкек шаарынын тургуну шаардагы эл ташып иштеген маршруттук таксилерге нааразы болуп "Элдик репортер" рубрикасына билдирүү калтырган. 

Шаардагы кээ бирки маршруткаларга түшкөндө жийиркеничтүү абалда каласын. Себеби ичинде тазалык сакталган эмес. терезелери ачылбайт, люктары жок, анысы аз келгенсип 20 дан ашык адам салып алышат. Эми ойлонсонор ушундай ысыкта ал адамдар эмне болот. Жол тыгы учурунда, ушундай ысыкта такыр эле кыйналасын, аба жок ичинде. Көп эле маршруттук каттамдар такыр эле отургучтарын алып салышкан, көп адам батсын деп. Жогорку бийликтегилерге кайрылат элем ушул маселени чечип, маршруттук таксилердин айдоочуларын тартипке салып берсе. Же автобустардын санын көбөйтүп, маршруткаларды азайтып коюшсун. Видеодогу жаңы автобуста биринчиден ичинде кондиционер бар, экинчиден ичи таза,- дейт.

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.