POST1RIGHT
Балыкчы шаарындагы Тыныстанова көчөсүндө ичүүчү суудан курт чыкты. Бул тууралуу "Элдик репортерго" окурман видеого тартып жөнөткөн. Анын айтымында, Крандан аккан суудан ушундай тирүү курт чыкты. Бул фильтирленген суудан ушундай чыгып жатат. Фильтр жоктор кандай суу ичип жатат билбейм. Санэпидемстанция каякты карап жүрөт? - деген автор.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.