Түп: таза суубуз качан чыгат?
Новость

POST1RIGHT

Түп районундагы Ысык-Көл айылынын тургундары таза суу качан чыгарын күтүп жашап келишет. Өкмөт 2017-жылы 22 млн.сом бөлүп берген. Мыйзам чегинде тегереги тосулуп, бары жакшы жазалып башталган. Бирок бул жерде скважина бүтпөй жатат. Үстү-үстүнөн эле түтүтөрдү орнотуп жатышат. Уламдан-улам фирмаларга өтүп иш бүтпөй келет. 80% жумуш бүткөн. Элдин үмүтү үзүлбөй койду. 1 айдан кийин суу чыгат деп эле шылтоо менен келе жатышат. Тийиштүү органдарга деле кайрылып бүттүк. Эч кандай жыйынтык чыкпай келет. Качан бүтөт? Эл күтүп жатат. Аким 15-июнда иш бүтүп, суу берилет деген айылга. Бирок дагы деле жок. Баштагандан кийин аягына чыгарып берип кетишсе болмок. Элди кыйнабай, - деп ачууланган автор видео жөнөткөн.

 

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.