POST1RIGHT
Лейлек районуна караштуу Интернационал айылында айыл өкмөтүн жанында эле таштандылар чачылып жатат. Айыл өкмөтү такыр көңүл бурбайт. Ар кайсы жеринде таштандылар жатат. Тазаланганын көргөн жокбуз бир да жолу. Шамал болгондо бул таштандылар учуп кайра эле айылды каптайт. Айыл өкмөтүбүз жакшы иштебейт. Маршруттук каттам да жакшы жүрбөйт. Жогору жактан келип көзөмөлгө салып кетсе жакшы болмок,- деген айыл тургуну "Элдик репортерго" видео тартып жөнөткөн.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.