POST1RIGHT
Талас облусунун Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылындагы Ленин көчөсүнүн тургундары 3 жылдан бери сууга жетпей келишет.
Биздин көчөбүздө суу чыкпай калганына 3 жыл болду. Суу издеп айлабыз кетет. Суу жетекчиси Шадыбеков Нурдин менен айыл өкмөтүбүз Бекболотов Аргенге канча ирээт кайрылдык, бирок маселебиз чечилбей келет. Ушул маселебизди чечип беришин тийешелүү органдардан суранабыз, -деген билдирүүсүн жөнөткөн.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.