Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады. Билдирүүгө ылайык, "Бала бакчалардагы электрондук кезек" долбоору Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан 2017-жылы иштелип чыгып, Бишкек, Ош шаарларында 2018-жылдын март айынан тарта иштей баштаган.
Долбоор ишке аша баштагандан тарта бул программа менен 48 миң бала бакча босогосун аттаган. Кезекке турууга 115 миң 500 бөбөктүн ата-энеси арыз менен кайрылган, — деп жазылат маалыматта.
Билим берүү министрлигине Жалал-Абад, Баткен, Кызыл-Кыя, Сүлүктү жана Ысык-Көл аймактары "Электрондук кезек" программасын кошуу боюнча арыздарын беришкен.