POST1RIGHT
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы эс алуучу жай оңдоо-түзөө иштерине байланыштуу жабылган. Бул эс алуучу жай күзүндө тендерден утуп алды, оңдоо иштери жүрөт деп жабылган. Башында иш жүрүп жаткан, бирок азыр иш токтоп турат. Эс алуучу жайдын азыркы абалы начар, ичи казылган, бузулган. Баштагандан кийин аягына чыгарыш керек эле го. Же орто жолдон акчаны жээп алышканбы?- деп суроо салган автор.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.