Энерготармак токтоосуз реформаларга муктаж
Новость Султан Досалиев

POST1RIGHT

Энерготармак токтоосуз реформаларга муктаж. Бул туурасында Президент Сооронбай Жээнбеков «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» башкармалыгынын төрагасы Айтмамат Назаровду кабыл алганда айтты. 

Анда өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун бекемдөө, энергетикалык тармакты реформалоо, алдыдагы кыш мезгилине даярдык боюнча чаралар талкууланды. «Энерготармак токтоосуз реформаларга муктаж, шаарлардын жана аймактардын тургундары үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз болушу керек», - деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков. 

Мамлекет башчысы экономика тармактарына, ишкерлик субъектилерине үзгүлтүксүз электр энергиясын берүүнүн, кубаттуулуктун резервин камсыздоонун маанисин белгиледи. Коңшу мамлекеттер менен суу-энергетикалык ресурстарды биргелешип рационалдуу колдонуу маселелери боюнча кызматташууну бекемдөө зарылдыгын баса белгиледи.