Сапырылган чаңдуу жолдон түйшүк тарткан эл
Новость

POST1RIGHT

Баткен обулусунун Майдан айыл өкмөтүндөгү Алыш айылынан Кара-Жыгач айылына бара жаткан жолдун абалын автор видеого тартып жөнөткөн. Анын айтымында, Бул жолдун бузулганына 6 жыл болуп калды. Ушул жылдардын аралыгында бир да жолу оңдоо-түзөө иштери жүргөн жок. Карапайым элге эле кыйын болуп жатат. Унааларынын тетиктери улам бузулуп. Бул жолдон туристтер да өтөт, аларга да уят болуп жатабыз. Жолдун чаңы сапырылат.  Айыл өкмөткө бир ганча жолу кайрылганбыз, жыйынтык жок. Өкмөттүн мүчөлөрүнө кайрылат элем, ушул жолубузду оңдоп, асфальт төшөп берсе,- деп суранган айыл тургуну видеосу менен бөлүшкөн.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.