Укук коргоо органдарынын кызматкерлери экстремизм тууралуу атайын окуудан өтүштү. Радикалдуу жана экстремисттик идеялардын алдын алууда, мамлекеттик органдардын дараметин күчөтүү максатында уюштурулган иш-чарага республиканын бардык аймагынан күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери катышты.
Иш-чараны Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия, Диний кырдаалды изилдөө борбору, Ички иштер министрлиги, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана улут аралык мамилелер агенттиги бирге өткөрдү.
Өлкөдө экстремисттик көз карашты жайылтууга тиешеси бар деген 21 диний уюмга тыюу салынган. Террордук топторго ар кандай жолдор менен кошулуп калган 800дөй кыргызстандык Ирак менен Сирияга кеткени расмий айтылган.
Учурда өкмөт алардын арасынан аялдарды жана балдарды быйыл сентябрда мекенге алып келүүгө жана реабилитациядан өткөрүүгө камынып жатат.