POST1RIGHT
Москва районунун Беловодск айылындагы Курчатов көчөсүндө айыл өкмөт жайытка деген жерди белгисиз бирөөлөр эч кандай уруксат кагаздары жок эле, жерди казып, кум-шагыл ташууда. Бул жер карьер эле болуп калды. Күзүндө суу каптап, көпүрөлөр кулады булардын кылган ишинини айынынан. Буларды текшерген органдар жокбу? Ким көзөмөлгө алып? Ким чара көрөт?- деп суроо салган автор "Элдик репортерго" билдирүү жөнөткөн.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.