POST1RIGHT
Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы борбордук көчөдө жайгашкан "Ярмарка" базарындагы таштандылар тазаланбайт. Канча күндөн бери тазаланбай турат. Жанында эле мөмө-жемиш, жашылча, тамак-аш сатылууда. Ушундай жайдын күнүндө бул жактан чыккан жагымсыз жыт, базарды каптап жатат. Эмне үчүн убагында тазаланбайт? Санэпидемстанция каякты карап жүрөт?- деген автор видео тартып жөнөткөн.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.