POST1RIGHT
Жеке менчик бала бакчалар социалдык буйрутмаларды аткарат. Билим берүү жана илим министрлиги 12 арыздын ичинен социалдык тапшырыктарды аткара турган 9 бала бакчаны тандады.
Бала бакчалар жалпысынан 300 орун берет. Учурда жарандардан көңүлүнө ылайык келген жеке менчик бала бакчага баласына социалдык талон алыш үчүн ата-энелерден арыздар кабыл алынууда. Программа Бишкек шаарында сыноо иретинде киргизилди.
Сыноо мезгили аяктагандан кийин, ал ийгиликтүү иштесе, 2020-жылдан баштап программа башка шаарларда да ишке ашат.