Исфана: базардын тегерегиндеги чачылган таштандылар
Новость

POST1RIGHT

Лейлек районунун Исфана шаарында базардын тегерегинде таштандылар тазаланбайт. Унаа токтотуучу жайлар жок. Айдоочулар унааларын тротуарларга токтотуп алышат. Адамдар басканга жол жок. Ар кайсы тарабында таштандылар чачылып жатат. Мэрия эмне үчүн карабайт?- деген автор "Элдик репортерго видео жөнөткөн. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.