POST1RIGHT
«Кызмат» автоматташтырылган маалымат системасына 13 миңден ашуун кызматкердин маалыматтары киргизилди. Бул тууралуу Мамлекеттик кадр кызматы өлкөнү санариптештирүү маселесин талкуулаган жыйында кабарлады.
Бул тутум ишти жеңилдетип, маалымат алмашууда жана тиешелүү чечимдерди кабыл алууда жардамы тиет. Жер-жерлердеги кадрларды аралыктан окутуу тутумун да ишке ашырат. Аны Мамлекеттик кадр кызматы менен “Инфоком” ишканасы бирге даярдаган.