POST1RIGHT
Кадамжай менен Караван унаа жолуна асфальт төшөө иштери эрте жазда эле башталган. Ушул күнгө чейин бүтпөй турат. Чаң сапырылып үйлөргө чейин кирип, дем алганга таза аба жок отурабыз. Качан бүтөт бул жол белгисиз. Жолдун боюнда жашагандарга кыйын эле болуп жатат. Суу себилбейт. Кимге кайрылышыбызда да билбейбиз. Унаалар күнү-түнү тынымсыз каттайт. Көбүнчө оор жүк ташыган унаалар өтөт. Ким көзөмөлгө алат бул жолду? Качан бүтөт?- деген айыл тургуну "Элдик репортерго" видео тартып жөнөткөн.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.