POST1RIGHT
Чолпон-Ата шаарындагы Орозов көчөсүндө арыкка суу батпай көчөнү каптаган. Бул тууралуу эс алып барган эс алуучу "Элдик репортерго" видео тартып жөнөткөн. Анын айтымынды, Көчөнү каптаган сууга унааларыбыз тыгылып чыгара албай убара тарттык. Бул түндө болгон, өзүбүз унаабызды чыгарганга аракет жасап жаттык, таңга мал ӨКМ кызматкерлери келип чыгарып беришти. Азыр унаабыз жараксыз абалда. Эч ким келип деле абалыбызды сурап коюшкан жок. Тетиктери жарабай калды. Бир гана биздин эле унаабыз эмес, бир канча адамдардын унаалары жараксыз болуп калды. Бул биринчи эле жолу эмес экен. Буга чейин дагы болгон экен. Эмне үчүн алдын ала чара көрүшкөн эмес. Арыктан ашкан сууну цементтер менен эптеп эле тиреп койгон экен. Мэрия тарабынан бизге жардам болобу? Биздей болгон карапайым элге эле кыйын болду,- деп ачууланган автор.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.