POST1RIGHT
26-августта түшкү саат бирлер чамасында Оштун Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылынын Якубов көчөсүндө жайгашкан үч үйдүн жана Худайбердиев көчөсүндөгү эки турак жайдын чатырлары өрттөндү.
Өрттүн жалпы аянты болжол менен 268 чарчы метрди камтыган. Алдын-ала маалыматтар боюнча кырсык электр чубалгыларынын туура эмес туташуусунан улам келип чыккан. Натыйжада, бир үйдөн чыккан өрт, улам кийинкисине өтүп, өрт тутанган.
Өрт өчүрүүгө 3 техника тартылган. Тилсиз жоо бир жарым сааттан кийин толугу менен өчүрүлгөн. Жыл башынан тартып, Кара-Суу районунун аймагында 95 өрт кырсыгы катталган. Келтирилген чыгымдын суммасы 10 млн. сомдон ашкан.