Кыргызстандын мамлекеттик кызматтарын санариптештирүү аракети
Новость KTRK/videograp

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинде “Ачык маалымат” аталышындагы тегерек стол болуп өттү. “Ачык маалымат” “Санарип Кыргызстан” жана Бүткүл дүйнөлүк банктын "Digital CASA Kyrgyzstan" долбоорунун улуттук санариптик стратегиясынын бир бөлүгү. 

Ошондой эле, бул долбоор 2023-жылга чейин Кыргызстандын мамлекеттик кызматтарын санариптештирүү, өлкөнүн бардык аймактарын интернет менен камсыз кылууну көздөйт. Анын алкагында мамлекеттик мекемелердин маалыматы бир тутумга чогулуп, жарандар мамлекеттик кызматтар жана жаңы жумуш орундары тууралуу электрондук маалыматтарды алганга мүмкүнчүлүктөрү түзүлөт.

“Биздин долбоор ачык өкмөт боюнча ишке ашат. Башкача айтканда, ушул эле маалыматты калкка ачык-айкын жеткирүү. Бул жерде жаңы тиркемелердин гана ачылышы болбостон, мамлекеттик органдардын ачык-айкындуулугун камсыз кылуу болуп саналат. Эми жарандар мамлекеттик органдардын кандай иштеп жатканын көрө алат, ошондой эле маалыматты ачык пайдалана алышат”,- деди “Ачык маалымат” долбоорунун координатору Элмира Тажибаева.