POST1RIGHT
Бишкек шаарындагы Жаш Гвардия көчөсүндө 2 ай мурун жол оңдоо иштери жүргөн. Бул жер Баят базарынын алдындагы жол. Суу каналдан келип, жолду казып, астындагы түтүктөрдү оңдоп кетишкен. Бирок жолду оңдобостон таштап кетип калышкан. Азыр мынтип сонун турган жол оюлуп турат. Жолду казардан мурун жол транспорт министринен уруксат алып, анан бүткөндөн кийин асфальт төшөп койсо болот элего,- деген шаар тургуну.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.