POST1RIGHT
Республикалык психикалык ден соолук борборунда кезек күтүп отурган шаар тургуну "Элдик репортерго" видео жөнөткөн. Автордун айтымында, Мен бул жерге жумушка маалымдама керек болуп, ошону алганы келип, эртеден бери турам. Бир кичинекей кагазды алуу үчүн убара тартып жүрөм. Бир кассага жиберет, кайра башка бөлмөгө барып кол койдуруп кел дейт, кайра барып ал жерге кезекке турасын. Негизи эле Кыргызстанда документ алуу көйгөйү курч. Кезек күтүп отуруп, жумуштан каласын. Ушул көйгөйлүү маселени жергиликтүү бийлик чечип берсе жакшы болот эле,- дейт ачууланган автор.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.