Таш-Мойнок: таза суу чыгарам деп элди алдаган эргул
Новость

POST1RIGHT

Таш-Мойнок айыл өкмөтүнө караштуу дача Труддун тургундары суу маселеси боюнча "Элдик репортерго" видео жөнөткөн. Анын айтымында, Ушул жылдын февраль айында айыл өкмөтүндө, суу чыгарган жеринде иштеген Болот деген адам суу чыгарып берем деп, ар бир үйдөн 20 миң сомдон алып, 1.400 000 сом чогулткан. Бирок сөзүнө турган жок. Эски түтүктөрдү орнотуп койгон. Эми акчадан жок же сууну бербейт. 1 күн суу берсе, 10 күн суусуз отурабыз. Сууну ташып ичип жатабыз. Бул маселе боюнча айыл өкмөткө барсак, эч нерсе билбейм деп койду. Болот болсо суу меники, билген жеринерге баргыла деп жатат. Ага каршы сүйлөсөн эле жаман сөздөр менен сөгүп, сабап кетет. Тийиштүү органдар ушуга чара көрүп койсо жакшы болот эле, -дейт бул дачанын тургуну. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.