"Бир адамдан бир китеп" долбоору жандуу жүрүп жатат
Новость www

POST1RIGHT

Жаш муундун өкүлдөрүнүн демилгеси менен башталган "Бир адамдан бир китеп" долбоору өлкөнүн алыскы аймактарында жандуу жүрүп жатат. Жыл башынан бери жалпы республиканын көптөгөн айыл-кыштактарында жана шаарларында студенттер, окуучулар, ыктыярчылар коомчулукту ушул долбоорго салым кошууга чакырып келишет. Натыйжада, аймактардагы китепканалар адабий китептер менен толукталууда. Бул сапар саамалык Талас облусунун Кара-Буура, Манас райондоруна да жетти. 

Арчагул айылы чек арага чектеш жайгашкан. Мындагы айылдык китепкана иштебей калганына чейрек кылымдан ашты. Өрүш алган "Бир адамдан бир китеп" долбоорунун алкагында мектептеги чакан китепканага 600 китеп чогулду. Бул үчүн айылдык жаштар ар бир үйдүн эшигин каккылап,
долбоорго салым кошууга чакырып жүрүштү.

Ал эми бул айыл Манас районундагы Кыргызстан айыл өкмөтү. Мында да адабий китептер жергиликтүүлөрдөн чогултулду. Бирок, айылдык китепкана жок болгондуктан, ушул айылдын тургуну Төрөбек Солтонкулов өзүнүн дүкөнүн коомдук китепканага берди.

Белгилей кетсек, китеп окууну даңазалаган долбоорду Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана жаштар борборлору менен бирге ишке ашырууда. Республика боюнча 1062 китепкана бар. Аталган долбоор китепканаларды жандандырып, окурмандардын санын арттырууну бутага алган.