Бишкектеги Кара Жыгач токою оңдоп-түзөөдөн өттү
Новость KTRK/videograp

Бишкек шаарынын түндүк тарабындагы 120 гектар аянтты ээлеген Кара Жыгач токою калаанын экологиясы үчүн мааниси чоң. Токойдун 40 гектар аймагы таштандыдан арылтылып, жаңы отургучтар, таштанды чакалары коюлуп, жарыктандырылды. Андан тышкары, адамдардын коопсуздугу үчун атайын көзөмөл камералары да ишке кирди. Жаратылыш паркындагы өзгөрүүлөр жөнүндө Дастанбек Каримов кененирээк.

Бишкек шаарындагы Кара жыгач токоюнун аянты алгач 200 гектар болчу. Ар кандай себептерден улам токойдун аянты кыскарып отуруп, азыр 120 гектарды түзүп калды. 

Бул жерде шаардыктар эс алгандыктан, коопсуздук маселеси, тазалыгы ойдогудай болушу зарыл. Учурда жаратылыш паркынын түндүк тарабындагы 40 гектар аймагында тазалоо иштери журүп, 10 тоннадан ашуун таштанды чыгарылды. Ошондой эле, бактын арасына жаңы отургучтар, таштанды чакалар орнотулуп, жарыктандырылды. 

Паркты калыбына келтирүүдө бир топ жумуштар аткарылып, ага карата “Кара жыгач токою - Экологиялык парк” аттуу фестиваль уюштурулду. Анда борбор калаанын тургундары үчүн ар кандай оюндар, концерттик программа жана кара жыгач токою тууралуу тартылган даректүү тасма көрсөтүлдү. 

Кара Жыгач токою Борбордук Азиядагы ири токойлордун катарын толуктайт. Бул жерде бак-дарактын ар кандай түрү өсүп, жаныбарлар жашайт.