Аягына чыкпай орто жолдо калган жол
Новость

POST1RIGHT

Талас облусунун Бакай-Ата районунун Наматбек айылынын Баткен көчөсүндө мындан 2 ай мурун жол оңдоо иштери башталган. Жол куруучулар жол оңдоо иштерин баштап, жолду оюп ошол бойдон калтырып кетишти. Баштагандан кийин аягына чыгарышпайбы. Бул жолдо союз учурунан бери бир да жолу жол оңдоо иштери жүргөн эмес. Ким көзөмөлдөйт? Көзөмөлгө алып бүтүрүп беришин суранабыз, -дейт "Элдик репортерго" кайрылган айыл тургуну. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.