Тасмада Талас облусуна караштуу Манас районунун Пакровка айылындагы Мукай аке көчөсүндөгү көрүнүш көрсөтүлгөн. Жергиликтүү тургундардын пикиринде аталган көчөнүн абалы начар, эң кууш, тар болгондуктан эки унаа да катар өтө албайт.
"Салык инспекциясы 10 жыл мурда бул жердеги өзүмдүк тамды сатып алып, ушул жерге жайгашышкан. Эми салык, декларация төлөйбүз деп күнүгө жарандар унаа менен келип, ансыз да начар көчөбүздү эртең мененки саат 8ден кечки 6га чейин чаңдатып, тынбай өтө беришет. Эшик терезелерибизди ача албай калдык. Чаңдан дем алып, үйүбүздүн бары чаңдап, жүдөп жатабыз. Ушул маселебизди чечип берүүңүздөрдү суранабыз",- деп жөнөтүшкөн Пакровка айылынын тургундары.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.