POST1RIGHT
Бишкек шаарындагы Лев Толстой менен Садыгалиев көчөсү кесилишкен жерде жол белгиси турат, бирок жол чийими чийилген эмес. Жолдон өтүш өтө эле кооптуу. Унаалар катуу ылдамдыкта айдашат. Айла жок унаалардын алдынан чуркап өткөнгө туура келет. Аялдама да орнотулган эмес. Бишкек шаарынын мэриясынан суранат элек ушул жерге жол чийими менен аялдама орнотуп берсе,- деген шаар тургуну "Элдик репортерго" кайрылган.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.