Жасалып жаткан жолдун сапатына көңүл бөлүнөбү?
Новость

POST1RIGHT

Жети-Өгүз районуна караштуу Ак-Терек айылынан Жеңиш айылына бара жаткан жолго жакында эле асфальт төшөлгөн. Бирок жолдун сапатсыз жасалганы азыртадан эле көзгө түшө баштаган. Төккөн шагылы асфальттын үстүнө чыгып, жолдор оюла баштады. Унаа менен өтүп бара жатканда таштар терезеге тийип жатат. Жолду көзөмөлдөгөндөр, көз кырын салып койсо бул жолго. Жол жээги менен баса албайсын, себеби таштар чачырап жатат, унаалар өткөндө. Акчаны го алышты, ал эми сапатына качан көңүл бөлүшөт?- деп суроо саган автор. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.