POST1RIGHT
Жал кичи районунда 14-16 үйдүн алдына 1 жыл мурун жол жасалган, бирок тротуарды ылдый кылып салып коюшкан. Тротуар менен басыш ыңгайсыз. Эми азыр жол жээги менен басып жатабыз. Эми окуу жылы башталды. Балдарбыздын коопсуздугуна сарсаана болобуз. Транспорт жана жол министрлигине канча жолу кат түрүндө кайрылдык. Жыйынтык жок. Жол аягына чейин чыкпай калган, 20 үйдүн алды мурун кандай болсо ошол бойдон калды. 15-20 үйлөрдүн алдына аллея да салынган. Бирок аллея каралбайт. Суугарылбай куурап калган. Канча деген акчага салынды эле бул аллея. Мэрия, жол министрлиги эмне үчүн көңүл бөлүшпөйт, ушундай иштерге?-деп ачууланган автор "Элдик репортерго" видеолору менен бөлүшкөн.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.