Кайтпас айылында казылган жол 2 жылдан бери оңдолбой жатат
Новость

POST1RIGHT

Кадамжай районуна караштуу Кыргыз-Кыштак айыл аймагындагы Кайтпас айылында таза суу киргизилет деп, жолдор казылган. Андан бери 2 жыл өттү, казылган жол ошол бойдон турат. 

Унаалардын жүрүшүнө тоскоолдуктар жаралат. Жаш балдарга да кооптуулук жаралып келет. Айыл өкмөтү карап да койбойт, өз кызыкчылыгын гана ойлошот, - деген автор "Элдик репортерго" кайрылган. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.